Манасчыларды чууга салган Гиннесс китеби

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Манасчы Рыспай Исаковго Гиннесс рекорддор китебинин күбөлүгү тапшырылды

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Манасчы Рыспай Исаковго Гиннесс рекорддор китебинин күбөлүгү тапшырылды

Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгы” аттуу иш-чаранын алкагында Рыспай Исаков 124 саат бою манас айтып, Гиннесс рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен 29-сентябрда билдиришти.

"Дүйнөлүк Гиннесс китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесс китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага күбөлүгү тапшырылды. Анда катталуу учурунда Гиннесс тарабынан бекитилген талаптар сакталгындыгы айтылды", - деп билдиришти министрликтен.

“Жаңы рекорд коюлат”

Буга чейин соцтармактарда манасчы Рыспай Исаковдун "Манас" айтып жаткан видеосу талкууга алынып, ал "туура эмес айтып”, “кыргыз элин дүйнөгө уят кылып жатат” деп жазышууда.

“Манас театрынын” башчысы Азиз Биймырза уулу 27-сентябрда манасчы Рыспай Исаковго 24 сааттын ичинде бир саат эс алууга убакыт берилгенин айткан. Ошол убакта ал тамактанып, ажатканага барып келгенге мүмкүнчүлүк алат.

Азиз Биймырза уулу

Сүрөттүн булагы, Manas teatry

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азиз Биймырза уулу

“Манас эпосунун эң алгачкы киришүү бөлүгү болгон “Баян башы” же “Жомок башы” окуясынан айтып баштаган. Азыр [27-сентябрда] “Чоң казат” окуясына келди. Бүгүн кечке чейин айтса, 15 сааттан кийин 130 саат болот. Рекорддун жаңы көрсөткүчүн көрсөтөт, буйруса”, - деген Азиз Биймырза уулу.

“Манас айтуучулукка доо кетирип жатасыңар”

Бир нече күн мурда буга чейин Гиннес рекорддор китебине кирүү үчүн алгач Кыргызстанда 14 сааттан ашык, кийин Москвада беш сутка тынбай "Манас" айткан Дөөлөт Сыдыков өзүнүн фейсбук баракчасына “Манас айтуучулукка доо кетирип жатасыңар" деп Рысбай Исаковду сынга алып, үзүндү видео коюп, пост жазды.

Дөөлөт Сыдыковдун посту

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дөөлөт Сыдыковдун посту

Ага улай интернет колдонуучулары эки жаат болуп бөлүнүп, бир тарабы Рыспай Исаковду, экинчи тарап Дөөлөт Сыдыковду колдоп чыгышты.

Ага улай интернет колдонуучулары эки жаат болуп бөлүнүп, бир тарабы Рыспай Исаковду колдосо, экинчи тарап Дөөлөт Сыдыковду колдоп жазып жатышат.

Сүрөттүн булагы, facebook

facebook

Сүрөттүн булагы, facebook

Фейсбук

Сүрөттүн булагы, Facebook

facebook

Сүрөттүн булагы, facebook

Ошол эле учурда "Манас" бул жалпы кыргыз элинин мурасы, байлыгы экенин эске салып, ынтымакка чакыргандар да болуп жатат.

facebook

Сүрөттүн булагы, facebook

facebook

Сүрөттүн булагы, Facebook

"Манаска" Гиннестин китебин жабыштырбай эле коюш керек"

Жолдош Турдубаев

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жолдош Турдубаев

Ал эми публицист Жолдош Турдубаев манасчылардын Гиннес китебине кирем деген аракетине каршы болду.

"Негизи, "Манаска" Гиннестин китебин жабыштырбай эле коюш керек. Дөөлөттү сүрөп чыкканда ошонун шылтоосу менен кыйла көп эл көңүл буруп калган болчу. Бирок баары бир күндөп-түндөп айттырган жосун анча жакшы эмес. Манасчы деле тирүү жан. Чаалыгат, чарчайт. Адашат. Ошондуктан азыркыдай абалга жеткирбей эс алдырып туруу керек эле. Дагы бир осол иш - бул атайын терип-тепчип куралган видеонун жарыяланганы".

“Бирөөнүн кемчилигин кесип алып, таратыш кимге кадыр алып келет?”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Азиз Биймырза уулу буга чейин да "Манас" айтуу боюнча рекорд коюуга аракеттер болгонун айтып, бул жолу иш-чарага башка манасчылар көзөмөл болуп жатканын кошумчалады.

“Буга чейин да мындай аракеттер болгон, бирок бул бүгүнкү болуп аткан иш-аракет мурдагылардай болуп жеке чабарлык менен эмес, башка манасчылар менен чогуу келип, ошолордун көзөмөлүндө кыргызстандык гана манасчылар эмес, казакстандык, түркиялык манасчылар да катышууда”,-деди Азиз Биймырза уулу.

Биймырза уулу социалдык тармактарда тарап жаткан кептер, видеолор “ошол чыгарып жаткан кишилердин абийириндеги иш” деп билдирди.

“Бирөөнүн кемчилигин кесип алып, аңдып аны анан коомчулукка жарыя кылыштын кимге кереги бар, кимге кадыр алып келет? Казакстандан, Түркиядан келген комиссиянын бардыгы колдоп, керемет деп сүйүнүп жатышат. Биз болсо минтип өзүбүз ич ара ыркырашып жатканыбыз жакшы нерсе эмес”.

Түркиянын Бурса шаарында президенттин жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосу менен “Манас жумалыгы” өтүүдө. Ага Кыргызстандан жети жана Казакстандан бирөө, Түркиядан эки манасчы катышууда.