Түркияда кыргыз мугалиминин кармалышы ондогон мугалимге оор тийди

Азамат Нурмат уулу

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат Нурмат уулу

Түркиянын аэропортунда кармалгандан бери кабары чыкпай жаткан кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу азыркы тапта Стамбулдагы Малтепе кичи районунда кармалууда. Бул тууралуу Азаматтын жакындарынын бири Би-Би-Сиге билдирди. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жактоочу дайындап, кыргыз мугалими менен жолугушуу уюштурулганы маалым болду.

Азамат жети окуучуну математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып бара жатып, Стамбул аэропортунда чек арачылар тарабынан кармалгандан бери дайынсыз болуп жаткан эле. Ал 3-4 күндөп кабары чыкпай кеткенден кийин гана Кыргызстандын ТИМи анын Түркияда кармалганын ырастап, мугалим "Маариф" (мурдагы "Сапат") лицейинин окутуучусу Азамат Нурмат уулу экенин ырастаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, ачуу сын айткандар да болду. Алардын айрымдары кыргыз бийлигинен өз жаранынын укугун коргоп берүүсүн талап кылып жатат.

Тышкы иштер министрлиги Азамат Нурмат уулу жетектеп барган 26 окуучу, аларды коштогон үч ата-эне жана эки мугалим 25-апрелде аман-эсен кайтып келишкенин билдирди.

Жыл башында Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин мектептери толугу Түркиянын "Маариф" фондуна өткөн. 2017-жылга чейин "Себат" деп аталып келген билим берүү мекемесинин 16 лицейи, бир университети ("Ала-Тоо" университети), 11 башталгыч мектеби бар.

Түркияда 2016-жылы болгон аскердик төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги бул мектептердин артында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен кыймылы турат деп, олуттуу дооматтарды койгон.

Мугалимдин кармалышы

Кармалган кыргызстандык Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы лицейинде 2023-жылдан бери эмгектенип келе жатканын мектеп жетекчилиги Би-Би-Сиге ырастады.

Азаматтын жубайы Ирзван Пахридин кызынын айтымында, жолдошу 20-апрелде Анталия шаарындагы эл аралык олимпиадага окуучуларды жетектеп кеткен.

"20-апрель күнү 9:00до Стамбул аэропортуна конушкан, андан ары Анталия шаарына башка учак менен сапар тартышмак. Үй бүлөөбүз боюнча кабар ала албай калгандыгыбыздан, чогуу кеткен мугалимдер менен байланышсак, күйөөмдү чек ара кызматкерлери кармап кеткенин кабарлашты", – деди Азамат Нурмат уулунун жубайы.

Расмий билдирүүлөр

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги кыргыз жаранынын кармалышынын себептерин тактоо үчүн Түркиянын КРдеги консулу менен жолугуп, вербалдык нота тапшырган. Жолугушууда Түркия тараптан аэропортто кармалган мугалим тууралуу расмий маалымат берүү өтүнүчү айтылган.

Ал арада Билим берүү министрлиги билдирүү таратты.

Анда Анталия шаарында өтүп жаткан эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусу жана алардын чет өлкөгө чыгуусуна министрликтин тиешеси жок экени айтылган.

"Окуучулар ата-энелеринин нотариалдык макулдугу менен 20-апрелде сапарга чыгышкан. Уюштуруучулардын чакыруусу менен 36 окуучу, төрт ата-эне жана үч мугалим Анталияга барышкан. Балдар көзөмөлсүз калган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда окуучулар олимпиадага катышып, аларды компаниянын өкүлдөрү коштоп жүрөт", — деп айтылат расмий маалыматта.

"Гүленчилерге" каршы күрөш уланууда

Эрдоган менен Гүлендин тиреши 2016-жылдан кийин күчөп кеткен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрдоган менен Гүлендин тиреши 2016-жылдан кийин күчөп кеткен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен Түркияда 2016-жылы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш үчүн айыпталып келген. Маркум динаятчы өзүнө карата тагылган айыптарды кескин четке какчу. Би-Би-Си Орус кызматы 2024-жылы жарыялаган маалыматка караганда, ошол окуядан кийин Түркияда 150 миңден ашуун адам "гүленчи" деп айыпталып, иштен четтетилген же ээлеген кызматтарынан бошотулган.

77 миңден ашуун адам камакка алынган. Анын ичинде көбүнчө мугалимдер, полиция кызматкерлери жана журналисттер болгону айтылып келет. Маалыматтарга караганда, 100гө чукул киши чет өлкөлөрдөн күч менен алынып келген.

Түркиянын күч түзүмдөрү азыркы күнгө чейин Фетхуллах Гүленге тыгыз байланышы бар дегендердин аркасынан сая түшүп келе жатканы сөз болуп келе жатат.

4-апрелде Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая 27 провинцияда жүргүзүлгөн "гүленчилерге" каршы атайын операция алкагында 73 кармалып, 48и камакка алынганын расмий Х-баракчасына (Twitter) билдирген.

"2025-жылдын 19-27-мартында полиция кызматкерлери тарабынан 27 облуста ФЕТӨгө каршы жүргүзүлгөн операцияларда 73 шектүү кармалды. Арасынан 48 киши камакка алынып, 16сына бөгөт чарасы чыгарылды. Калгандары боюнча соттук иштер уланууда", – дейт билдирүүсүндө.

Табышмактуу жагдайда жоголгон Орхан Инанды

2021-жылы 1-июнда Кыргызстандагы "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Орхан Инанды Бишкекте уурдалып, бир айдан кийин Түркияда табылганы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Анын дайынсыз жоголушунан кийин Түркиянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдында бир нече жолу митинг өтүп, анын бошотулушун талап кылышкан.

Режеп Тайип Эрдоган 5-июлдагы теле кайрылуусунда Орхан Инандыны тууралуу сөз кылган эле.

"Атайын кызматтын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптусу Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз", - деген Эрдоган.

Кийин Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап, 21 жылга чейин эркинен ажыраткан.

ЖМКлардын маалыматына караганда, түрк атайын кызматы бул сыяктуу атайын операцияларды Косово, Швейцария, Украина, Молдова, Казакстан, Пакистан, Азербайжан, Малайзия, Мьянма жана Габон өлкөлөрүндө дагы жашыруун жүргүзүп, бир нече кишини күчтөп чыгарып кеткен.

Монголиядагы чуу

Монголияда кармалган мугалимди жактап чыккандар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Монголияда кармалган мугалимди жактап чыккандар

Түрк коопсуздук күчтөрү 2016-жылы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине катыштыгы болгон деп шектелген 100гө чукул адамды 18 башка өлкөдөн алып келген. Андай операциянын бири 2018-жылы Монголияда болгон. Улан-Батордон жүктөп кете турган болгондо жаалданган элдин тоскоолдугунан улам операция ишке ашпай калган.

Мугалим Вейсел Акчайды Улан-Батордогу үйүнүн алдынан беш киши кармап, машинеге салып кетишкен. The New York Times гезитинин билдирүүсүнө караганда, аны өлкөдөн чыгарып кетүү үчүн Улан-Батордун аэропорттунда Түркиянын аскер-аба күчтөрүнө тиешелүү Bombardier учагы күтүп турган. Анын өлкөдөн учуп кетишине монгол бийлиги уруксат бербей, аэропортко чогулган Акчайдын тарапташтары учакты курчоого алып, мугалимди бошотуп калышкан.

Тышкы иштер министрлиги Аксайды түрк "чалгынчылары" тарабынан уурдап кетүү аракетин "Монголиянын эгемендигин жана көз карандысыздыгын бузууга багытталган акт катары кабыл алаарын жана ага каршы катуу жооп кайтараарын" билдирген.

"Сапат" мекемесинде эмгектенгендердин бир тобу буга чейин Түркияга баруудан кооптонуп келишкен. Бирок мекеме "Маариф" фондуна өткөндөн кийин андай кооптонууларга негиз жок деп үмүт кылышканын ал жакта эмгектендердин бири айтып берди. (КВ)