Индиядагы диний жыйында 121 адам өлгөн окуя
Чериланн Моллан, Би-Би-Си кабарлары, Мумбай • Дилнаваз Паша, Би-Би-Си Хинди, Хатрас

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында диний жыйында тебелендиде калып 121 адамдын өлгөнү акыркы он жылдагы эң кандуу кырсык болуп калды.
Окуя июль айынын башында Хатрас районунда сатсанг (индустардын диний майрамы) учурунда болгон.
Полиция иш-чара өтүүчү жерге келген адамдардын саны уруксат берилген чектен үч эсе көп болгонун жана каза болгондордун же жаракат алгандардын көбү аялдар экенин билдирди.
Иш-чаранын уюштуруучуларына кылмыш иши козголду.
Трагедия Индияда кыжырданууну жаратып, коопсуздук чараларынын бузулушуна байланыштуу жүйөлүү суроолорду жаратты.
Кырсык каяктан келди?
Кырсык өзүн кудай деп эсептеген Бхоле Баба диний жыйын өткөрүп жүргөн Пулрай кыштагында болгон.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, иш-чарага өтө көп адам келген.
Полиция берген биринчи маалымат отчетуна (FIR) ылайык, бийликтер 80,000 кишинин чогулушуна уруксат берген, бирок иш-чарага 250,000ге жакын адам катышкан.
Иш-чаранын соңунда дааватчы унаасы менен кете баштаган учурда башаламандык башталган.
Полициянын отчетунда айтылгандай, миңдеген динчилдер анын унаасын көздөй чуркап, жолдон лидерге берилгендигин көрсөтүп, кочуштап топурак чогулта башташат.
Бара-бара эл көбөйүп, жерде отургандардын бир нечеси тебелендиде калган.
Документте айрым адамдар жолдун аркы өйүзүндөгү ылайлуу талаага чуркап барууга аракет кылышканы, бирок уюштуруучулар тарабынан күч менен токтотулуп, жөөлөшүүдө тепселгени айтылат.
Полиция иш-чаранын башкы уюштуруучусу деп эсептелген адамга жана башка бир тобуна киши өлтүрүү боюнча кылмыш иш козгоду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Каргашалуу окуянын кайгылуу сүрөттөрү бат эле Интернетте тарады.
Кээ бир видеолордо жарадар болгондорду пикаптар, тук-туктар жана атүгүл мотоциклдер менен ооруканаларга алып баратканын көрүүгө болот.
Башка видеороликтерде жакындарын кире бериште калган сөөктөрдүн арасынан табууга аракет кылышкан үй-бүлө мүчөлөрүнүн жергиликтүү оорукананын сыртында кыйкырып жатканы көрсөтүлгөн.
Бир гана ысымды кайталап жаткан Банти штаттын Алигарх районунан келгенин, апасынан айрылганда, өзүн жоготуп койгонун айтты.
Ал шейшемби күнү кечинде бир жаңылык каналынан анын жансыз денеси оорукананын сыртында жатканын көргөн.
"Бирок мен ал жакка барганда апамды таба алган жокмун жана ошондон бери анын сөөгүн табууга аракет кылып жатам",- деди ал Би-Би-Си Хиндиге.
Башкалар да бул окуяга өз нааразылыгын билдиришти.
Каргашалуу окуяда 28 жаштагы аялы каза тапкан Ритеш Кумар ал үчүн асман кулап алдына түшкөндөй болгонун айтты.
"Үй-бүлөмдөн ажырадым. Өкмөт окуяны тыкыр иликтеп, адилеттүүлүккө жетишибизге жардам бериши керек", - деди ал.

Бхоле Баба деген ким?
Өзүн кудай деп эсептеген адамдын өз аты Сураж Пал, бирок ал өз ысмын Нараян Сакар Вишва Хари деп кайра өзгөртүп алган. Ал эми анын жолдоочулары аны Бхоле Баба деп аташат.
Ал Хатрастан 65 км (40 миль) алыстыкта жайгашкан Касганж районундагы Бахадурпур кыштагынан чыккан.
Штаттын улук полиция кызматкери Санджай Кумар Би-Би-Си хинди кызматына ал полицияда констабль болгонун, бирок ага каршы кылмыш иши козголгондон кийин кызматынан убактылуу четтетилгенин айтты.
Сот аны актаган соң, ал кызматына кайра келген, бирок 2002-жылы жумушун биротоло таштап кеткен.
Кумар мырза анын жашоосу тууралуу көп нерсе белгисиз экенин, бирок полициядан жумуштан кеткенден кийин, ал өзүн Бхоле Баба деп атай баштаганын айтат.
Анын социалдык медиада окурманы көп эмес, бирок Хатраста жана коңшу райондордо жүз миңдеген жолдоочулары бар.
Анын насааттарына көп адамдар катышып, аны көбүнчө ак кийимчен жүргөнүн көрүшкөн.
Дааватчы трагедиядан кийин Пулрай кыштагынан 100 км (62 миль) алыстыкта жайгашкан Майнпуридеги ашрамында (динчилдердин тоодогу же токой ичиндеги турагы) жашырынып жүргөн деп болжолдонууда.

Алигарх полициясынын жооптуу кызматкери Шалабх Маттур аны таап, суракка алуу үчүн издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Полициянын айтымында, ал шейшемби күнкү иш-чаранын башкы уюштуруучусу болгон Ram Kutir Charitable Trust деп аталган уюмду жетектейт.
Сатсанг - бул адамдар сыйынуу, ырларды ырдоо же насаатчыны угуу үчүн чогулган иш-чаралар жана аларга көп учурда көп сандаган аялдар катышат.
Сыйынуу жөрөлгөсүнө катышкан Гомти Деви Бхоле Бабага абдан ишенерин айтты.
"Ооруларды айыктырат, үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү чечет жана жумуш менен камсыз кылат" деп анын сүрөтү түшүрүлгөн медальонду тагынып жүрөм, - деди ал. (МА)
Абхишек Маттурдун Хатрастагы жана Динеш Шакиянын Би-Би-Си Хинди үчүн кошумча баяны











