“Чоң Жетилик” Кытайга атаандаш инфраструктура планын сунуштайт

"Чоң жетилик" саммити, Корнуэл, 2021

Сүрөттүн булагы, LEON NEAL/PA MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Чоң жетилик" саммити, Корнуэл, 2021

“Чоң Жетилик” лидерлери Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесине атаандаш жарды өлкөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртууну колдогон жаңы план кабыл алды.

Президент Жо Байден АКШ колдогон “Жакшыраак дүйнө куруу” (Build Back Better World (B3W)) планы Кытайдын инфраструктуралык программасына жогорку сапаттуу альтернатива болушун кааларын билдирди.

Кытайдын “Бир алкак – бир жол” (BRI) демилгеси көптөгөн өлкөлөрдө темир жолдорду, авто жолдорду, портторду жана башка инфраструктуралык түзүмдөрдүн курулушун финансылоого жетишти. Бирок программа финансы алган айрым өлкөлөрдү карыз кылтагына илгени үчүн сындалып келет.

Англиянын Корнуэлинде өтүп жаткан саммитте “Чоң жетилик” лидерлери “баалуулуктарга негизделген, жогорку стандарттагы жана тунук” өнөктүк сунуштагысы келерин белгилешти. Бирок “Чоң жетилик” бул планын кандай финансылай турганын азырынча так белгилүү эмес. Германиянын канцлери Ангела Меркель демилге финансылоо булактарын тактоо тепкичине өтө электигин айтты.

АКШ Кытайдын “карыз дипломатиясы” аталган саясатын көбүрөөк сындап келет.

АКШнын Кытайга каршы туруу планы

Түндүк Америка кызматынын редактору Жон Сопел
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Америка кызматынын редактору Жон Сопел

Түндүк Америка кызматынын редактору Жон Сопелдин анализи

Америкалыктар “Чоң жетиликтин” ишембидеги сессиясын Кытайдын дүйнөдөгү таасиринин өсүшүнө каршы демилге көтөрүү мүмкүнчүлүгү деп эсептешет. Америка батыш демократиялары Бээжиндин өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө миллиарддаган инвестиция салып келе жаткан “Бир алкак – бир жол” (BRI) демилгесине каршы турушу керек деп эсептейт.

Жогорку кызматтагы ырасмийлер батыш баалуулуктары утуштуу экенин далилдегиси келет. Алар Кытайдын инвестицияларын кымбатка түшүп жатканына Шиңжаңдагы уйгур азчылыгын мажбурлап иштетилип жаткандыгын жүйө катары келтиришип, муну моралдык жана экономикалык көз караштан кабыл алууга мүмкүн эмес, бул калыс атаандаштыктын жолун тосуп жатат дешет. Жо Байден глобалдык камсыздоо чынжырларында мындай жумушчу күчтөр колдонулбашы керек деп ынандырууга аракет кылат. АКШ ырасмийлери демилге Кытайга каршы тоскоол жаратуу үчүн болгон жок, бул бүт дүйнөгө позитивдүү альтернатива сунуштоо аракети экенин белгилешет.

Бирок Байдендин администрациясы бул глобалдык инфраструктуралык демилгени ишке ашыруу үчүн батыш демократиялары канча салым кошорун жана анын убакыт планы кандай боло турганын так айта элек. Азырынча Батыштын Кытайдын (ред. ковид пандемиясынан кийин) дүйнөдө кайрадан өсүп баштаган таасирине каршы турууга чечкиндүү чечим кабыл алганы гана белгилүү.

Кытай Шинжаң аймагындагы азчылыктарды кармоо үчүн лагерлердин тармагын түзгөн

Сүрөттүн булагы, LEON NEAL/PA MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай Шинжаң аймагындагы азчылыктарды кармоо үчүн лагерлердин тармагын түзгөн

Батыш бийликтеринин Кытайга каршы кадамдары

Быйыл АКШ, ЕБ, Британия жана Канада Кытайга каршы координацияланган санкцияларды киргизген. Санкциялардын алкагында уйгур азчылыгынын укуктарын бузду деп айыпталган Шиңжаң ырасмийлерине каршы өлкөгө кирүү тыюу жана мүлктү тоңдуруу сыяктуу иш-чаралар каралган.