Дональд Трамп жумушчу визанын баасын 100 миң долларга көтөрдү

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дональд Трамп H-1B деп аталган жумушчу визанын баасын 100 миң долларга чейин көтөрүү боюнча буйрукка кол койгондон кийин АКШда баш аламандык орун алды. Бул чечим адегенде аэропорттордо кыйынчылык жаратты, анткени жумушчулар жаңы виза алымдарын төлөбөш үчүн АКШга кайтып келүүгө шашкан. Андан соң Вашингтон жаңы өзгөртүүлөр H-1B визаларынын учурдагы ээлерине эмес, жаңы тапшыргандарга гана тиешелүү болорун айтты.

АКШнын жарандык жана иммиграция кызматынын маалыматына ылайык, былтыр 141 миңден ашуун жаңы H-1B визалары берилген. Бул жогорку квалификациялуу жумуштар үчүн визалар. Америкалык компаниялар үчүн мындай жумуштарда бош орундарды толтуруу кыйынга турат.

Берилген визалардын 70 пайыздан ашыгы Американын алдыңкы технологиялык фирмаларында иштеген Индиянын жарандарына туура келет.

Жада калса мындай өзгөртүүлөр менен бул саясат иш жүзүндө H-1B берүүнү чектейт. Ал отуз жыл бою миллиондогон индиялыктын Америкага баруу кыялын орундатып, АКШнын өнөр жайын кадрлар менен камсыздап келген.

Мындай кадам эки өлкөнү тең өзгөрттү. Индия үчүн H-1B визасы умтулуунун символуна айланган эле. Анткени чакан шаарлардагы программисттер АКШнын фирмаларында иштеп доллар таба баштаса, алардын үй-бүлөлөрү орто класска айланышты жана авиакомпаниялардан тартып кыймылсыз мүлккө чейин бүтүндөй индустриялар дүйнө жүзү боюнча саякаттаган жаңы классты тейлей башташкан.

АКШ үчүн бул лабораторияларды, класстарды, ооруканаларды жана стартаптарды толтурган таланттардын агымын билдирген. Бүгүнкү күнү теги индиялык жетекчилер Google, Microsoft жана IBM компанияларын башкарат. Ал эми индиялык дарыгерлер АКШдагы дарыгерлердин алты пайыздай бөлүгүн түзөт.

Берилген визалардын 70 пайыздан ашыгы Американын алдыңкы технологиялык фирмаларында иштеген Индиянын жарандарына туура келет

Сүрөттүн булагы, San Francisco Chronicle via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Берилген визалардын 70 пайыздан ашыгы Американын алдыңкы технологиялык фирмаларында иштеген Индиянын жарандарына туура келет

Эксперттердин айтымында, төлөм маалыматтары Трамптын жаңы 100 миң долларлык саясаты эмне үчүн ишке ашпай турганын көрсөтүп турат. 2023-жылы жаңы H-1B кызматкерлеринин орточо эмгек акысы системада иштегендер үчүн 129,000 долларга салыштырмалуу 94,000 долларды түздү. Төлөм жумушка жаңы орношкондордон алынгандыктан көбү аны төлөөгө жетиштүү акча таба алышпайт дешет эксперттер.

IT тармагындагы Nasscom органы виза акысынын көтөрүлүшү "өлкөдөгү айрым долбоорлордун ишке ашуусун үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн" деп эсептейт. Кардарлар юридикалык маселелер чечилгенге чейин долбоорлордун баасын өзгөртүшү же кечеңдетиши мүмкүн, ал эми компаниялар жумушту оффшорго которуу, өлкөдөгү ролдорду кыскартуу жана демөөрчүлүк чечимдеринде көбүрөөк тандоо жүргүзүп, штаттык моделдерди кайра карап чыгышы ыктымал.

Анын АКШга кеңири таасири болушу мүмкүн: дарыгерлердин жетишсиздигине дуушар болгон ооруканалар, STEM студенттерин тартуу үчүн күрөшүп жаткан университеттер жана Google же Амазондун колдоосу жок стартаптар көп жабыркашы мүмкүн. (NT)