Анатомиялык донорлук жөнүндө документ коомдук талкууга коюлду

анатомиялык макет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Саламаттыкты сактоо министрлиги "Анатомиялык донорлук жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документ "Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө" мыйзамынын 52-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, акыл-эси ордунда адамдардын дене мүчөсүн, органдарын өз эрки менен билим берүүчү медициналык жайларга биологиялык материал катары тапшырып берүүнүн тартиби каралат.

Токтом долбоорунун негиздемесинде бул практикалык-окуу иштеринин сапатын жогорулатуу максатын көздөрү айтылат.

"Жаран анатомиялык донорлук тууралуу өз чечимин нотариус аркылуу бекемдеп же ал чечимин ошол жол аркылуу жокко чыгара алат. Анатомиялык донорлукка укук бул тууралуу керез каты бар жарандын биологиялык өлүмү тастыкталгандан кийин берилет",- делет бул тууралуу документте.

Жогорку медициналык билим берүү жайлары, илимий-изилдөө жана саламаттыкты сактоо уюмдарына бул максатта жакындары аныкталбаган жансыз денелер, операция маалында ампутация болгон бейтаптардын органдарын он күн ичинде өткөрүп берүү каралат. Бул үчүн бейтаптын уруксаты талап эмес. Бирок бул максатта СПИД, кургак учук, күйдүргү, холера жана башка ушул өңдүү жугуштуу оорулар менен каза тапкан жарандардын денесин колдонууга болбойт.

"Соңку кезде өлкөдө элге көрсөтүлүп жаткан медициналык-санитардык жардамдын сапаты түшүп жатканы байкалат. Бул долбоор донордук материалдын негизинде окуу куралдарын жасоо жолу менен медициналык билимди жогорулатууну максат кылат. Ошондой эле медициналык окуу жайлардын анатомиялык жана хирургиялык кафедраларында донордук материалдар менен практикалык сабактарды өткөрүүнү максат кылат", - делет долбоордун негиздемесинде.

Анын авторлору бир эле макеттер адамдын түзүлүшүн жана ички органдарын жана андагы паталогиялык өзгөрүүлөр тууралуу жеткиликтүү маалымат бере албайт деген пикирде.