"Кара кагаз" бар бекен?". Он жылдан бери Сирияга кеткен уулун күткөн эне

Видеонун түшүндүрмөсү, Сирияга кеткен баласын күткөн эне

64 жаштагы Манас шаарынын тургуну Разия Үметованын уулу он жыл мурда Сирияга кеттим деп билдирүү жөнөткөн. Ошондон бери кабар жок. Өткөн жумада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Үметованын уулу Сириядагы урушта каза тапкан деген маалымат таратты. Бирок эне уулунун көзү өтүп кеткен деген кабарга ишенгиси келбейт. Миграциядагы жигит кантип Сирияга барып калды?

5-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мындан он жыл мурда чет өлкөдөгү куралдуу кагылышуу аймагына кеткен кыргыз жаранына байланыштуу маалымат таратты.

"Текшерүүнүн натыйжасында Р. Үметованын уулу Кыргыз Республикасынын жараны, 1992-жылы туулган Үметов Нурлан Жолдошбекович Манас шаарынын тургуну экени аныкталган. Ал мурда Ички иштер органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана жергиликтүү жаштар тобунун лидери болгон. Кийинчерээк Үметов Орусия Федерациясына эмгек мигранты катары кетип, ал жерде 2014–2015-жылдары "Катиба Имам аль-Бухари" эл аралык террористтик уюмунун өкүлдөрүнүн азгыруу таасирине кабылган",— деп айтылат УКМКнын расмий маалыматында.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, ал Түркияга барып, ал жерден Сириянын Идлиб провинциясына өтүп, аталган уюмдун мүчөлөрүнө кошулган.

"Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Үметов террористтик топтордун курамында машыгуудан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышып, ошол учурда каза болгон. Ал 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы туугандары жана тааныштары менен байланышын үзгөн. Н. Үметов чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышкандыгы үчүн эл аралык издөөгө да алынган",— деп билдирди УКМК.

"Колунда кагазы бар бекен?"

Атайын кызматтын маалыматын уккан Разия Үметова уулунун көзү өтүп кеткенине ишенбей турганын айтты.

"Алар (УКМК) каяктан билиптир? Колунда кагазы бар бекен же? Өлгөнүн далилдей турган кагазы барбы? Мен абдан капа болуп отурам. Каяктагы топ, каяктагы... Билбейм",— деди ал.

Буга чейин Би-би-сиде Манас шаарынын тургуну Разия Үметова мындан он жыл мурда Сирияга кетти делген уулун күтүп жүргөндүгү тууралуу видеоматериал жарыяланган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анда 64 жаштагы Разия Үметова Сирияга кеттим деп билдирүү жөнөткөн баласын ушул күнгө чейин күтөрүн айткан.

"2015-жылы январь айында мага СМС жөнөттү Москвадан: "Апа, мен Сирияга кетип жатам. Мени кечирип коюңуз" деп жазыптыр. Мен дароо чалдым. "Бул кандай, Сирияга эмнеге кетет экен" деп чалсам, өчүк. Бир ай бою чалдым. Телефону өчүк болду",— деп эскерет апа.

Баласына кабатыр болгон эне 2016-жылы Сирияга кирип, баламды кайтарып келем деген максатта Түркияга чейин барган экен.

"Түркияга аттандым. Ал жакта эжемдин кызы бар эле. Ага барып: "Сирияга жол көрсөт, мен барып баламды алып чыгышым керек, иниң Сирияга кетип калды",— десем, ал: "Сирия деген чоң өлкө, айыл эмес. Дареги болбосо, телефон номери болбосо, кантип табасыз? Ал жакка кирсеңиз, чыга албайсыз, эч болбосо небереңизди ойлоңуз",— деп, мени алып калды".

Разия апанын айтымында, уулу Нурлан 22 жашында миграцияга кеткен бойдон кайткан жок.

"Түркияга бардым издеп, мамлекеттик органдарга кайрылдым. УКМК дагы билет. Кызыл Жарым ай коомунда дагы катталган, изделүүдө. Ооруп жатып калсам, караган адам жок. Өлүп калсам, менин баламды күткөн адам жок. Достору деле күтөт, бирок мендей эч ким күтпөйт да. Үмүт бар. Күтүп жатам. Келет бир күнү. 20, 25, 40 жылдан кийин да табылган адамдар бар го",— деген эле ал видеоматериалда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин буга чейин берген маалыматына ылайык, Кыргызстандан Сириянын аймагына 850 жаран чыгып кеткен. Алардын арасынан болжол менен 150 киши курман болгону айтылган. Террордук уюмдарга кошулган кыргызстандыктардын ичинде 140ка жакын аялдар болгон.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды тыюу салынган эл аралык террористтик, экстремисттик жана радикалдык уюмдардын азгыруу аракеттерине алдырбоого чакырат. Учурда радикалдык террористтик уюмдар жарандарды өз катарына тартуу үчүн алыстан иштөө ыкмаларын колдонууну улантууда, алар заманбап технологияларды жана социалдык тармактарды активдүү колдонушат. Алардын иши көбүнчө психологиялык таасирге, жалган билдирүүлөрдү колдонууга, адамдардын сезимдерин манипуляциялоого жана социалдык аялуулугуна негизделген",— деп билдирди УКМК.

2013-жылдан кийин "Ислам мамлекети" террордук тобу Ирак менен Сириянын бир катар аймагын ээлеп алган. Алар өз катарына Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарын да тартып, бир канча кыргызстандык да кошулуп кеткен.

2021–2025-жылдары Сириядан жана Ирактан Кыргызстандын 551 жараны кайтарылганы айтылган. Аталган өлкөдө канча кыргызстандык бар экендиги тууралуу так маалымат жок.