"Жардам бериңиз". Унаадан учуп кеткен жоокер дале комада
"Жардам бериңиз". Унаадан учуп кеткен жоокер дале комада
Оор абалда жаткан аскердин окуясын президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алды. Буга чейин комада жаткан жоокердин жакындары Жапаровго кайрылган эле. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков аттуу аскер 6-апрелде "УАЗ-Пикап" үлгүсүндөгү кызматтык унаа жүрүп бара жаткан учурда кулап түшкөн.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, саламаттык сактоо министрине жоокер боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.



