Израилде миңдеген киши Газаны оккупациялоого каршы чыгып, туткундарды кайтарууну талап кылууда

Демонстранттар жолдорду жаап, барымтадагыларды бошотууну жана согушту токтотууну талап кылышууда

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демонстранттар жолдорду жаап, барымтадагыларды бошотууну жана согушту токтотууну талап кылышууда

Израилде миңдеген адам улуттук деңгээлдеги нааразылык акциясына чыгып, Газадагы туткундарды бошотуу келишимин түзүүнү талап кылууда. Негизги жолдор жабылып, поезд каттамдары үзгүлтүккө учурады. Иерусалим менен Тель-Авивде көптөгөн ишканалар ишин токтотту. Митингчилер жол кесилиштерине туруп, өтүп бара жаткандарга барымтадагыларды билдирген сары ленталарды таратты.

Нааразылык акциясын 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС түштүк Израилге кол салгандан кийин туткунга алынгандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнөн түзүлгөн форум менен "Октябрь кеңеши" уюштурууда.

Форум ишемби күнү кечинде Тель-Авивдеги "Туткундар аянтына" болжол менен бир миллионго жакын киши чогуларын, он миңдеген адам Израилдин жүздөгөн башка жерлеринде өтө турган акцияларга кошуларын билдирди.

Демонстранттар барымтадагылардын сүрөттөрү түшүрүлгөн Израилдин желегин Тель-Авивдеги “Туткундар аянтына” жайып алышты

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Демонстранттар барымтадагылардын сүрөттөрү түшүрүлгөн Израилдин желегин Тель-Авивдеги "Туткундар аянтына" жайып алышты

Жекшембиде өлкө боюнча бир катар көчөлөрдүн кесилишинде акция таңкы саат 6:29да башталды. 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС дал ушул убакытта кол салган эле.

Тель-Авивден тышкары нааразылык акциялары түндүктөгү Батыш Галилеяда, түштүктөгү Эйлат шаарында да пландалган.

Нааразылык акциясына чейин жүздөгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, университеттер, технологиялык компаниялар жана башка уюмдар кааласа демонстрацияга кошулаарын же кызматкерлерине катышууга уруксат бере турганын билдирген.

Израилдин полициясы туннелди тоскон демонстранттарды таратуу үчүн сууну колдонду

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин полициясы туннелди тоскон демонстранттарды таратуу үчүн сууну колдонду

Израилдин негизги жумушчу бирикмеси Histadrut иш таштоого кошулбай турганын жарыялаганы менен жекшемби күнү нааразылык акцияларына катышууну пландап жаткан жумушчуларды колдой турганын билдирди.

Он миңдеген адамды иш менен камсыз кылган өлкөнүн ондогон ири технологиялык компанияларынын өкүлдөрүнөн турган өкмөткө каршы топ да нааразылык акциясына кошуларын өткөн аптада жарыялаган.

Тель-Авивде активисттер согушту токтотууну жана барымтадагыларды кайтарууну талап кылып жолдорду тороп жатат

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тель-Авивде активисттер согушту токтотууну жана барымтадагыларды кайтарууну талап кылып жолдорду тороп жатат

"Менин оюмча, согушту токтотуп, барымтадагыларды бошотууга убакыт келди. Израилди кайрадан калыбына келтирүү жана стабилдүү Жакынкы Чыгышты көздөй кадам таштоо үчүн жардам берүүгө мезгил жетти", - деди Иерусалимден 54 жаштагы Дорон Вилфанд AFP агенттигине берген митингде.

Иерусалимде демонстранттардын чакан тобу жолдун ортосуна таштандыларды өрттөп, бийлик таратканга чейин жол кыймылын убактылуу жаап салышты. Өрт өчүрүүчүлөр жалынды өчүрүп, таштандыны тазалагандан кийин жол кыймылы кайрадан жанданды.

Газадагы абал

Бир жума мурун Израилдин аскер кабинети БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ачууланган реакциясына карабай, аймактын эң чоң шаары болгон Газаны басып алуу жана анын калкын көчүрүү үчүн добуш берген.

Израил өкмөтү Газа шаарына аскерлерди качан киргизери тууралуу так мөөнөт айта элек. Маалыматка караганда, премьер-министр Биньямин Нетаньяху шаарды 7-октябрдан тартып толугу менен израилдик аскерлердин көзөмөлүнө өткөрүүнү каалайт.

Газа шаарынын муниципалитетинин өкүлү, Израилдин алты күн бою тынымсыз аба соккулары, аткылоо жана кыйратуу операцияларынан кийин Зейтунда массалык көчүрүү башталганын маалымдады.

Хамастын билдирүүсүндө израилдик күчтөр Газанын чыгыш жана түштүк аймактарында, өзгөчө Зейтунда тынымсыз чабуул жасап жатканы айтылат.

Жарандык коргонуу агенттигинин маалыматы боюнча, Зейтунда болжол менен 50 миң адам жашайт, алардын көбү тамак-ашка жана таза сууга дээрлик жетпей калышкан.

Израил аскерлери Газа шаарын басып алууга даярданууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израил аскерлери Газа шаарын басып алууга даярданууда
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

БУУнун маалыматы боюнча, кеминде 1,9 миллион адам же Газа калкынын 90 пайызга жакыны үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. БУУнун эксперттери июль айындагы баяндамасында Газада ачарчылыктын "эң жаман сценарийи" жүрүп жатканын эскерткен.

Ишемби күнү Газанын ооруканалары тамак-аштын жетишсиздигинен улам 11 жаңы өлүм катталганын, анын бири бала экенин билдирди.

ХАМАС башкарган Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ачарчылыктан көз жумгандардын жалпы саны 251 адамга жетти, алардын 108и – балдар.

Ушул жуманын башында Улуу Британия, Евробиримдик, Австралия, Канада жана Жапония "ачарчылыкты алдын алуу" үчүн чара көрүүгө чакырды.

Өткөн жумада 100дөн ашуун уюм кол койгон катта 2-марттан бери Газага бир да жүк ташуучу унаа киргизилбей жатканы белгиленген.

Израил Газага киргизүүгө уруксат берген жардамдын көлөмүн кескин кыскартты жана ал жерде ачарчылык жок деп ырастоосун улантууда. Ал БУУнун агенттиктери жардамды чек арадан алып кирип, палестиналыктарга жеткирбей жатат деп айыптоодо.

Палестинанын Жарандык коргонуу агенттиги ишемби күнү набыт болгон кеминде 13 палестиналык аймактагы бөлүштүрүүчү пункттардын жанында тамак-аш күтүп турган учурда израилдик аскерлер тарабынан атылганын билдирди.

БУУнун жума күнү жарыялаган соңку маалыматына ылайык, май айынын соңунан бери, тамак-аш алууга аракет кылып жаткан 1760 палестиналыктын көбү Израилдин аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн.