Австралиялык миллиардер Украинаны дүйнөдөгү биринчи санарип жашыл экономика кылып кургусу келет

Сүрөттүн булагы, Martin Ollman
Австралиялык миллиардер Украинаны "санарип жашыл экономикага" айлантуу максатында жаңы инвестициялык фонд түзүп жатканын жарыялады. Бул фондо 500 миллион доллардан башталып 100 миллиард долларга чейин өсөрү күтүлүүдө.
Азия боюнча кабарчыбыз Кэти Сильвердин айтымында, Украинанын президенти Владимир Зеленский бул фонддун акчасына анын өлкөсү "дүйнөдө болбосо да, Европадагы эң ыкчам өнүккөн экономика" болуп каларын билдирди. Миллиардер, филантроп Эндрю Форрест жарыялаган Украинаны жашыл жолдо өнүктүрүү демилгеси согуштун алсыраган өлкөнү "дүйнөдөгү эң биринчи жашыл санарип экономика" кылып кайра куруу максатын көздөйт.
Бул жерде энергетика жана байланыш инфрастуктурасына чоң инвестиция жумшоо каралууда, көмүр менен иштеген электрстанцияларынын ордуна кайра жаңыланып турчу энергия булактары келет.
Президент Зеленский «согуш убагында талкаланган россиялык коммунисттик инфраструктураны» кайра оңдоонун ордуна, алар «жаңы технологияга секирик жасай турганын» айтууда.
Форрест Австралиядагы эң бай он адамдын тизмесине кирет, байлыгы 6,84 миллиард австралиялык долларды түзөт. 2008-жылы ал Австралиянын эң бай адамы болгон. 2013-жылы Форрест менен анын аялы колундагы байлыгынын көп бөлүгүн кайрымдуулукка жумшашкан.
2014-жылы Форрест жубайы Никола менен Батыш Австралия университетинде доктордук даражага ээ болгон студенттерге стипендия бериш үчүн он жылга 65 миллион доллар салып атайын фонд түзүшкөн.
«Биз азыркы убакта жакырчылыктан, кулчулуктан жана колдо жогунан кыйналып жаткан айрым адамдарга жана үй-бүлөлөргө жардам бергибиз келет. Эгер биз баарыбыз колубуздан келгендин баарын азбы-көппү жасай алсак, ошондо ар бирибиз биздин дүйнөнү азыркыдан адилеттүү жана жакшыраак коом кылып курганга салым кошо алабыз»,-деген Форрест менен Никола 2013-жылы. (КС)








