"Сапар": Улутчулдук маселеси

Видеонун түшүндүрмөсү, "Сапар": Кыргыз коомчулугу шовинизмге, расизмге каршы туруп жатабы?

"Чурка", "баран", "национал", "чёрные"... "жүнбаш", "сарт", "маймыл", көк бөрүнү - "аборигендердин оюу" дегенди ж.б.у.с. - уксаңыздар керек? АКШ, Британиядан тартып ксенофобия, расалык, терисинин түсү, улуттук негизде басынтуу, басмырлоо, кемсинтүү көрүнүштөрү бардык өлкөлөрдө бар. Көптөгөн өлкөлөрдө бул көрүнүш сынга алынып, ага каршы мыйзамдар кабыл алынып, каршы аракеттер көрүлөт. Мындайга жол бербеш үчүн адам сабаттуу, маданияттуу болушу керек дейт, тасманын каармандарынын бири. Сиздин оюңуз кандай? Өзүңүз ушундай көрүнүшкө кабылып, же башкаларга ушундай мамиле жазалганын көрдүңүз беле? Тасманы көрүп чыгып, пикириңизди жазыңыз.