Байден менен Путин Женевада жолугушат

Женева

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Шаршембиде Женевада Байден менен Путин жолугушат. Эки лидердин жолугушуусу эки өлкөнүн мамилеси кансыз согуштан кийинки эң жаман абалда турган убакта өткөн жатат.

Байден АКШнын президенти катарында Европаны кыдырууда. Женевага ал НАТОнун Брюсселдеги саммитинен кийин келди. Ага чейин Британияда "Чоң Жетиликтин" жыйынына катышты.

Путиндин Женевага сапары соңку бир жарым жыл ичиндеги биринчи чет өлкөгө чыгышы. 2020-жылы январда Иерусалимге барган, андан кийин пандемияга байланыштуу видео-байланыштар менен чектелип жүрдү.

Байденге чейин Путин АКШнын төрт президенти менен - Билл Клинтон, Жорж Буш, Барак Обама, Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Путин менен Байден эки өлкөнүн мамилеси кансыз согуштан кийинки эң жаман абалда турган убакта жолугушкан жатат.

Соңку жылдары Москва менен Вашингтондун ортосунда бири-биринин дипломаттарын кетирүү, консулдуктарды жабуу, дипломатиялык менчиктерди тартып алган учурлар болду.

Акыркы жарым жылда эле АКШ орусиялык чоң кызматтагы адамдарга эки жолу санкция салды, кара тизмеге киргизди, дипломаттарды чыгарды. Анын себеби катары АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүү, америкалык компанияларга кибер чабуул жасоо, Алексей Навальныйды ууландырып, камакка алуу сыяктуу күнөөлөр коюлду.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдө Байден көп маселелерди козгой турганын билдирди, анын ичинде биринчи кезекте сөз Украина, Навальный жөнүндө болмокчу. Бирок Путин менен бул маселелерде бир пикирге келе албашы анык, бирок андан башка маселелерде, балким, жакындашуу болот.

Кремль жолугушуунун негизги темалары катары "стратегиялык туруктуулук", кибер кылмыштуулукка каршы күрөш, маалыматтык коопсуздук, экономикалык кызматташтык, климат, Арктика жана коронавирус деп атады.

Путиндин эл аралык маселелер боюнча жардамчысы Ушаковдун айтымында, Ирандын өзөктүк программасы, Ооганстан, Корей жарым аралындагы абал, Тоолуу Карабак, Беларус, Навальный жөнүндө дагы сөз болушу мүмкүн. (КС)