Лавров Бишкекке дипломатиялык колдоосун айтты, Чавушоглу жардам убада кылды

Сүрөттүн булагы, official
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лваров Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады.
Лавров Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын кубаттап, жаңжалды дипломатия жолу менен гана чечүүгө чакырды.
Руслан Казакбаев анын алдында Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу менен дагы телефондо сүйлөшүп, болгон окуяларды талкуулаган эле. Түрк министри жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам жиберерин, ошондой эле конфликттен кыйроого учураган кыргыз айылдарын калыбына келтирүүгө дагы кол кабыш кыларын билдирди.
Ошол эле учурда, Кыргызстандын коомчулугу кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды чек арадагы куралдуу жаңжал эмес, Тажикстандын аскеринин эгемендүү кыргыз мамлекетинин аймагына атайы даярдалган агрессиясы деп атап жатат. Алар тажик аскерлери чек арага чектеш кыргыз айылдарындагы карапайым элге ок атып, үйлөрүн, башка мүлктөрүн өрттөгөнү жөнүндө видео жана фото документтерди топтоп таркатып жатышат. Айрым активисттер БУУга, АКШнын Конгрессине, Европарламентке ушундай кайрылуу жолдошту.
«Бул жөн гана чек арадагы конфликт эмес. Бул коңшу өлкөнүн эгемен Кыргызстандын аймагына атайын даярдалган агрессиясы болду. 31 жайкын тургун өз үйүндө курман болду, анын ичинде 12 жашар Мадина бар! 150 дөн ашык адам жарадар. Кыргызстандын жашоочуларынын жүздөн ашык үйү, башка кыймылсыз мүлкү өрттөлдү. Агрессорлор минометторду, БТР жана согуштук авиацияны колдонду. Карапайым жашоочулар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн фактылар үрөй учурат, алардын денелерин үстү-үстүнө үйүп, чуңкурга ыргытышкан...",-деп жазды Бишкектен Алмаз Акматалиев "Фейсбуктагы" барагына.
Бирок кыргыз бийлиги эл аралык уюмдар менен болгон сүйлөшүүлөрдө "агрессия" деген сөздү айтууга эмнегедир батынбай турат.
Тажик аскерлеринин аткан огунан Кыргызстандын 33 жараны курман болду, 150дөн ашык адам жарадар болуп ооруканага жаткырылды. Ондогон айылдар жабыркады, карапайым жарандардын үйлөрү, башка мүлктөрү өрттөлдү. Жыйырма жети миңдей адам үй-жайын таштап, убактылуу коопсуз жайга көчтү. (КС)




