BBC

BBC navigation

Мексикада баңги картель башчысынын сөөгү уурдалды

Соңку жаңыланышы: 9-октябрь, 2012 - 21:25 GMT
Эриберто Ласкано

Эриберто Ласкано

Мексика бийликтери коопсуздук күчтөрү менен атышууда каза тапкан “Зетас” баңги картелинин башчысынын сөөгүн куралчан кылмыштуу топ уурдап кеткенин тастыктады. Эриберто Ласкано өлкөдөгү эң ири баңги уюгунун негиздөөчүсү болгон.

Андан мурдараак Мексиканын аскерий-деңиз күчтөрү сөөктү чыны менен эле Ласканонуку деп таанышкан. Ал жекшемби күнү өлкөнүн түндүгүндөгү Прогресо калаасындагы коопсуздук операциясы учурундагы атышууда мерт болгон.

Расмий маалыматта Техастан 125 чакырымдай алыстыктагы Коауила штатындагы атышууда эки киши өлгөнүн, анын бири бармак изин текшергенден кийин Ласкано экени аныкталганы айтылат.

Башкы прокурордун айтымында, дүйшөмбү күнү таң эртменен белгисиз куралчан кишилердин тобу акыркы сапарга узатуу жайында сакталган сөөктү уурдап кетишкен.

Ласкано өлкөдө “баш кесер” деген каймана ат менен таанылып, массалык киши өлтүрүү жана адамдарды уурдоо менен айыпталып келген.

Соңку кездери “Зетас” уюгуна жик кетип, анын бир бөлүгүн Ласкано, экинчи тобун Мигель Анхель Тревило Моралес жетектеп калган. “Зетас” Мексиканын түндүк-чыгыш аймактарын көзөмөлдөгөн.

Бул баңгизат менен шугулданган кылмыштуу топ башкалардан айырмаланып, адамдарды уурдоо жана башка баңги картелдерине кол салуу сыяктуу иш-аракеттерди жүргүзгөн. Андан тышкары уюк колуна тийген кишилердин башын кескени менен дагы таанымал.

Ошол мезгилден бери өлкөдөгү баңги кылмыштуулугу согушунда 50 миңдей киши мерт болгону айтылып жүрөт.

Ошол мезгилден бери өлкөдөгү баңги кылмыштуулугу согушунда 50 миңдей киши мерт болгону айтылып жүрөт.

Ласкани жүздөгөн кишилердин өлүмүнө байланыштуу айыпталган. Аны кармоо үчүн АКШда беш миллион доллардык, Мексикада 2,3 миллион доллардык акчалай сыйлык жарыяланган эле.

Ласканини кармоого аракет кылган Мексиканын аскерий-деңиз күчтөрү баңгизат кылмышына каршы күрөштө негизги орунду ээлейт.

Мексиканын президенти Фелипе Кальдерон баңги картелдерине каршы күрөштү мындан алты жыл мурда баштаган. Ошол мезгилден бери өлкөдөгү баңги кылмыштуулугу согушунда 50 миңдей киши мерт болгону айтылып жүрөт.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.

]]>