You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Башка планеталыктардын сөөгүбү же жөн гана мумиябы?
Өткөн аптада Мексикада НЛО темасы боюнча биринчи конгресстик угуу болуп өттү, анда НЛО боюнча энтузиаст жана журналист Хайме Мауссан жашоонун адамдан башка да түрү бар экенинин далили деп эки артефактты көрсөткөн.
Артефакттардын видеосу интернетте тез эле тарап, конспирологиялык теорияларды күчөтүп, шылдыңдоону да жаратты.
Бир нече күндөн кийин флоттун соттук-медициналык дарыгери Хосе де Хесус Зальсе Бенитес сөөктөрдү текшерүүдөн өткөрүү жараянын видеого тартып алууга журналисттерди чакырды.
Буга чейин ушулар сыяктуу үлгү тууралуу билдирүүлөрдү окумуштуулар адамдын мумияланган калдыктары катары четке кагышкан.
Артефакттардын парламентке алынып чыкканынына жооп кылып, НАСАнын окумуштуусу доктор Дэвид Спергель эмне үчүн алар өздөрүнүн үлгүлөрүн башкаларга да жеткиликтүү кылган эмес деп сурады.
АКШ бийликтери жакында эле түшүнүксүз көрүнүштөр боюнча маселелерге кызыгып, Конгресс июлда түшүнүксүз көрүнүштөр тууралуу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн уккан.
НАСАнын жүздөгөн НЛОлор боюнча жакында жасаган баяндамасы, түшүнүксүз кубулуштардын артында башка планеталыктар турганына эч кандай далил жок деген тыянакка келген. (ДО)