You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүйнөлүк футбол чемпионаты: Күйөрмандардын күйүтү жана кубанычы
Футбол боюнча 2018-жылдагы ортолоп калганы дүйнө чемпионаты күйөрмандардын бугун чыгарып, толкуп ташкан эмоциялар менен коштолууда.
Албетте, күтүлбөгөн жеңиштер, ызалуу утулуштар болду. Акыркы мүнөттөрдө дарбазага гол кирип, оюн тагдыры чечилген күтүүсүз учурлар болду.
Айрым күйөрмандар калпагын көккө ыргытып кубанса, кээси жер муштап, ызага толгон жашын төктү.
Дүйнөдөгү футбол күйөрмандарынын сезимдери тууралуу айтып берели.