BBC

BBC navigation

Эверест чокусун багындырууга алтымыш жыл толду

Соңку жаңыланышы: 29-май, 2013 - 17:01 GMT

Эверест чокусун багындырууга алтымыш жыл болду

  • Эверест чокусуна биринчи жолу мындан алтымыш жыл мурда 29-майда жаңы зеландиялык Эдмунд Хиллари менен менен непалдык Тенцинг Норгей чыккан.
  • Алар жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30 да чокуга түштүк тарабынан көп кыйынчылык менен чыгып барышкан.
  • Хиллари табиятты жана Улуу Британияны, Непалдын, БУУнун жана Индиянын желектерин желбиретип кармап турган Тенцингди сүрөткө тартып алган.
  • Тенцинг буддист катары бир нече конфетаны жана печеньени кудайларга арнап карга көмгөн.
  • Экөө чокуда он беш минуттай гана болушкан, анткени абада кычкылтек абдан аз эле.
  • Алардын жарактары эксперименталдык максатта болгон жана бийикке чыгуу үчүн гана жасалган. Аларга чейин башка команда барып, чокуга 100 метр жетпей, кычкылтек маскалардын бузуктугунан улам артка кайткан.
  • Чокуга чыгуу 12- апрелде башталып, анын багындырылганы тууралуу чоң жаңылык 2-июнда британ канышасы Елизавета экинчинин такка отурганына байланыштуу жарыяланган.
  • Экспедиция базалык лагерлердин ортосунда радиобайланыштарды уюштурган. Ошондуктан алар рация менен сүйлөшүп жана канышанын такка отурган салтанатындагы берүүлөрдү уга алышкан.
  • Альпинисттер жана аны коштоочулар өз ара рация менен сүйлөшүп, британ канышасынын такка отуруу салтанатын да уга алышкан.
  • Экспедиция учурунда Эверестте жети лагерь уюштурулган, анткени альпинисттер климатка ылайыкташы керек болчу.
  • Коштоочулар жана жардамчылар лагерге керектүү каражаттарды жеткирип турушкан. Сүрөттө оң жакта Лхо Ла ашуусу. Бул жерде жогору жактагы аскалардан улам-улам көчкү кулап турган.
  • Альпинисттерди коштогон адамдар. Артында: (солдон оңго) Стобарт, Дава Тенциг, Эванс, Вайли, Хиллари, Лоув, Вард, Бурдийон, Банд, Пью, Грегори, Нойс. Алдында (солдон оңго): Топки, Тондап, Анг Намгиал, Анг Тенциг, Дава Тондап, Пемба, Пасанг Дава, Пху Дорье, Анг Темба, Анг Нийма.
  • 1953-жылы Эверестке барган британиялык альпинисттер тогузунчу экспедиция жана чокуга чыккан биринчи экспедиция болуп калды.
  • Экспедицияны Эл аралык Гималай комиссиясы уюштуруп каржылаган. Аны полковник Джон Хант жетектеген. Бардык сүрөттөр Королдук география коомуна жана IBG таандык.

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.

]]>