You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Онлайн окуу баланын психикасына кандай таасир этти?
Тарыхта биринчи жолу балдардын бүтүндөй муунунун билим алуусу үзгүлтүккө учурады. Пандемия күчөп турган учурда дүйнө жүзү боюнча окуучулардын 94 пайызы мектепке барбай калды. Башкача айтканда 200 мамлекетте 1,5 млрд. ашык бала үйдө отурду. Кыргызстандагы балдар да бул көрүнүштөн сыртта калган жок.