You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Миңдеген мигранттар Мексика аркылуу АКШны көздөй баратат
Мексиканын бийлиги АКШны көздөй багыт алган миңдеген мигранттарды Гватемала менен чек арасынан токтотууга аракеттенгени менен, алар колго жасалган кайыктар менен Сучьяте дарыясын мыйзамсыз кесип өтүштү.
Мексиканын президенти мигранттар сөзсүз каттоодон өтүшү керек деп билдирди. Каттоодон өтпөгөндөр депортацияланат деген эскертүүлөр дагы айтылды.
Буга чейин президент Трамп мигранттар тобун токтотпогону үчүн Сальвадор, Гватемала менен Гондураска берилген миллиондогон доллар жардам кыскартылат деп айткан.