You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ишкерлердин көйгөйү инвестиция тартуубу?
Кыргызстандык ишкерлер инвестиция тартуу, жада калса сапаттуу бизнес план түзүүнү билбейт деген сындар көп айтылып келет. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду да ишкерлерди каржылап баштаганда ушул себептен улам, көп бизнес долбоорлор жактырылбай жатканын билдирген.
Үч жылдан бери “Бишкек инвестициялык форуму” ишкерлерди ушул жаатта окутууда.
Кыргызстанда инвестиция алуу жана ишкерлер тууралуу талкууга финансы тармагынын адиси, ИККО Кооперейшн компаниясынын Борбор Азиядагы жетекчиси Муратбек Исмаилов жана курулуш тармагында иштеген ишкер Медербек Болотбеков катышты.