You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Жогорку Кеңешке шайлоо: Добуш берүүнүн жыйынтыктары

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болуп өттү. Бир жыл мурдагы шайлоо чоң нааразылыктан улам жараксыз болуп, ал кайрадан жаңы эрежелер менен өтүп жатат.

Түз алып баруу

  1. Кол санак бүттү, БШК 2494 шайлоо тилкелеринен түшкөн бардык протоколду санап бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

    Тагыраагы, өлкөдөгү жана чет жактардагы шайлоо тилкелеринен келип түшкөн протоколдор кол менен саналып бүттү.

    Анын жыйынтыгы боюнча 5 % чектен өткөн партиялар төмөнкүлөр:

    «АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН» - 17.30%

    «ИШЕНИМ» - 13.63%

    «ЫНТЫМАК» - 10.99%

    «АЛЬЯНС» - 8.34%

    «БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН» - 7.04%

    «ЫЙМАН НУРУ»- 6.15%

    Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо 28-ноябрда болуп өткөн. Добуш берүүдөн кийин АЭУдан кеткен катанын айынан 5 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандыгын билдирип, шайлоонун кайра өткөрүлүшүн талап кылышкан.

  2. Садыр Жапаров: Текебаевди сабап кеткендер жөнөкөй эле адамдар болуп чыкты, Президент Садыр Жапаров aryba.kg сайтына маек берип жатып, Текебаевдин сабалышы боюнча оюн билдирди.

    Өлкө башчысы шайлоонун жакшы өткөнүн ал эле эмес, эл аралык байкоочулар, дүйнө коомчулугу баа берип жатканын айтты.

    Мамлекет башчынын айтуусунда добуш сатып уурдоо 1990-2000-жылдары болгонун, азыр техника өнүгүп турган чакта добуш уурдоо мүмкүн эмес.

    Ошондой эле президент Өмүрбек Текебаевдын сабалышы боюнча комментарий берди. Анда ал БШКда ансыз да көйгөйлөр болуп жатканда, дагы бир көйгөйдүн эмне кереги бар эле деген оюн айткан.

    "Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй мушташкан бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. "Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, "сен тажаттың" деп митингден кубалаганы келген элек деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында "Текебаев өзү уюштуруп жаткан жокпу?" деп ойлоп жатсак, Текебаев "бийликтин заказы" деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок....",- деди Садыр Жапаров.

  3. Акматбек Келдибеков сурактан кийин шайлоонун жыйынтыгына ишенгенин билдирди, Акматбек Келдибеков кечээ УКМКга суракка чакырылган. Ал териштирүүнүн натыйжасында БШКга койгон айыптарынын негизсиз экендигине ынанганын видеодо айтты.

    "Азаттык" партиясынан талапкер Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыккан. Мындан улам, ал УКМКга суракка чакырылып, түшүндүрүү иштерине санариптик өнүктүрүү министри Догоев жана БШКнын башкармалыгынын жетекчиси Акимбаев дагы катышкан. Алар Келдибековго сервердин иштеши боюнча түшүндүрмө беришкен соң, талапкер БШКга койгон айыптары негизсиз экенине ынанганын билдирди.

    "Суракка кирип чыктым. Эки сааттан ашык талкууладык. БШКнын формуласы эмне себептен эки жолу көбөйтүлүп кеткенин жана ката адистен кеткенин билдик. Ошондой эле мүчүлүштүктөр чыккан кээ бир шайлоо тилкелериндеги добуштарды кайра эсептеп чыгууну макулдаштык", - деди Келдибеков видеокайрылууда.

  4. Кол менен эсептөөнүн 95% бүттү, кайсы партиялар алдыда?, Саат 13:40ка карата 2370 протокол саналды, бул жалпы протоколдун 95% эсептелүүдө дегенди билдирет.

    БШК 2494 шайлоо тилкелеринен түшкөн 2270 протоколду санап бүттү. Тагыраагы, добуштардын 95% эсептелип бүттү. Бул тууралуу БШКнын онлайн порталында маалымдалат.

    Андагы маалыматтар боюнча 5 % чектен өткөн партиялар төмөнкүлөр:

    «АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН» - 16.58%

    «ИШЕНИМ» - 13.78%

    «ЫНТЫМАК» - 11.20%

    «АЛЬЯНС» - 7.97%

    «БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН» - 6.63%

    «ЫЙМАН НУРУ»- 6.24%

    Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 28-ноябрда болуп өткөн. Добуш берүүдөн кийин АЭУдан кеткен катанын айынан 5 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандыгын билдирип, шайлоонун кайра өткөрүлүшүн талап кылышкан.

  5. Кол санактын алдын ала жыйынтыктары

    Бүгүн кечки саат жетиде УШКалардан түшкөн протоколдорду кол менен саноо иши 76%дан ашты.

    Эске сала кетсек, кол санак 29-ноябрда, автоматтык эсеп системасынын ишинен кеткен катадан улам башталган. Анын натыйжасында добуштарын жоготкон 5 партия бул шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришкен.

    Учурдагы алдын ала жыйынтыктар боюнча, Жогорку Кеңешке 5% ченден ашкан 6 партия өтүшү мүмкүн.

  6. БШКда АЭУнун жана кол санактын маалыматтарын текшерүү тобу түзүлүүдө, Шайлоо күнү БШКнын серверинде жаралган мүчүлүштүктөрдү изилдөө үчүн көз карандысыз топ түзүлөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

    Кечээ, 1-декабрда БШК Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте шайлоого катышкан партиялар жана ММК мүчөлөрү менен жолугушуу өткөргөн. Анда шайлоодон кийинки БШКнын сервериндеги мүчүлүштүктөр жана добуш саноо процессиндеги акыркы маалыматтар тууралуу маалымат берилген.

    Жолугушуунун натыйжасында добуштарды саноодогу күмөндөрдү жокко чыгаруу үчүн атайын изилдөөчү топ түзүү сунушу киргизилген.

    “БШК жана Жарандык көзөмөл комитети автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) маалыматтарынын жана добуштарды кол менен саноонун аныктыгын көз карандысыз түрдө салыштырып текшерүү үчүн партиялардын өкүлдөрүнөн, талапкерлерден, коомдук байкоочулардан турган топ түзүүнү сунуштады.

    Учурда шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн, көз карандысыз IT адистерин жана коомдук байкоочуларды топко киргизүү жөнүндө сунуштар түшүүдө”, - деп жазылат БШКнын сайтында.

    Бул топ бюллетендерди кайра саноо үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын материалдарын тандап алат; байкоочулар жана ар түрдүү партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир шайлоо участогунан АЭУдан алган баштапкы маалыматтарды салыштырат.

    Топтун милдети – ар бир шайлоо участогу боюнча БШКнын сайтында көрсөтүлгөн маалыматтарды АЭУдан алынган отчёттор менен салыштыруу жана маалыматтардын аныктыгынын/ажырым бар экендигинин ырасталышын изилдөө; ошондой эле АЭУну метрологиялык жактан текшерүүнү жүргүзүү.

    Техникалык катанын себептерин аныктоо боюнча көз карандысыз жумушчу топко өз өкүлдөрүн киргизүү жөнүндө арыздар шайлоого катышкан саясий партиялардан ж.б. кызыкдар тараптардан 2021-жылдын 3-декабрына чейин кабыл алынат.

    Кечээги жыйын тууралуу толугу менен макалабыздан окуңуз:

  7. Ө.Текебаевге кол салуу: шектүү кармалды, Ө.Текебаевге кол салуу фактысы боюнча 1998-жылы туулган Чүй облусунда туулган Э.Ы. кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.

    Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

    Маалыматта Ө.Текебаевге тиешелүү уюлдук телефонун өз ыктыяры менен бергени айтылат.

    Учурда кылмыш иши боюнча башка айыпталуучуларды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

  8. Акматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды

    Экс-депутат, мурунку спикер Акматбек Келдибеков шайлоо тууралуу айткандары боюнча 1-декабрда УКМКга суракка чакырылды.

    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети БШКнын расмий сайтындагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарынын туура эмес көрсөтүлгөндүгү боюнча териштирүүсүн улантууда.

    Атайын кызмат Боршайкомдун негизги серверине сырттан эч кандай кийлигишүү болбогонун айтууда.

    “Бирок, талапкер А.Келдибеков добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган. Буга байланыштуу А.Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга суракка чакырылды”,- делет бул тууралуу расмий билдирүүдө.

    Акматбек Келдибековпарламенттик шайлоого бул жолу "Азаттык" партиясы менен барган. Шайлоодо өтпөй калгандан кийин бир нече партиялар митингге чыгып, арасында Акматбек Келдибеков дагы кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган эле.

    1-декабрда ал Фейсбук баракчасында “Талаш жараткан сервердин сыры” деген видео түшүндүрмө жарыялаган. (EK)

  9. Кол санактын алдын ала жыйынтыктары

    Бүгүн кечки саат ондо УШКалардан түшкөн протоколдорду кол менен саноо иши жарымынан ашып калды. Эске сала кетсек, кол санак 29-ноябрда, автоматтык эсеп системасынын ишинен кеткен катадан улам башталган. Анын натыйжасында добуштарын жоготкон 5 партия бул шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришкен.

    Учурдагы алдын ала жыйынтыктар боюнча, Жогорку Кеңешке 5% ченден ашкан 7 партия өтүшү мүмкүн.

  10. Жыйынтыктын катасы IT-адистер менен бирге иликтенет

    Бүгүн БШКда добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын эсептөөдө кеткен ката боюнча жарандык коом менен БШК өкүлдөрү биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү. Ага партиялардын өкүлдөрү жана ММК мүчөлөрү катышты.

    Маалымат жыйында БШКнын төрайымы тестирлөөгө аз сандагы бюллетендер катталып, сервер аз сан менен иштегендиктен, эч кандай ката байкалбаганын айтты.

    Ага чейин УКМК бул техникалык мүчүлүштүк боюнча териштирүүнүн алкагында, ката АЭСтен (автоматтык эсептөө системасы) эмес, сайттын өзүнөн кеткен деген маалымат тараткан. Билдирүүдө шайлоого чейинки даярдык учурундагы системаны тестирлөөдө эч кандай мүчүлүштүк болбогону белгиленген.

    Жыйындан түз көрсөтүү

  11. Текебаевге кол салуу

    "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага кол салуу болгонун билдирди.

    "Бул кол салуу - саясий террордун башталышы. Башкалар коркуп калсын деп так менден башташты. Кол салгандар мени шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жатасың деп айыпташты. Алар биз эмне үчүн БШКнын жанында митинг кылып жатканыбызды сурады. Алар туруктуулук жана тынчтык керек деп коюп, өздөрү чыр-чатак салышты", - деди Өмүрбек Текебаев.

  12. Кол санак менен добуштардын 19% гана эсептелди

    БШКнын расмий сайтынан алынган маалымат боюнча шейшембиде саат онго карата шайлоо участкаларындагы добуштардын 19,57 % гана кол менен эсептелип чыкты. Калганын эсептеп чыгыш үчүн канча убакыт керек, эмне үчүн добуштарды саноого ушунча көп убакыт кетет деген суроолор чыгууда.

    БШК жана башка мамлекеттик органдардын башчылары шайлоо участкаларындагы добуштардын баары тең кол менен эсептелип чыккандан кийин гана шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылат деп билдиришүүдө. Мыйзам боюнча ага чейин электрондук урналардан түшкөн добуштардын эсеби алдын ала маалымат гана маанисинде болот.

  13. 29-ноябрдын жыйынтыгы

    Бүгүн добуштарды кол менен эсептөө башталды.

    Эртең менен бул иш бүгүн кечке чейин бүтөрү айтылган. Бирок учурга урналардын 17% гана эсептелди.

    ЕККУнун байкоочулары бүгүн шайлоого өз бааасын берип, шайлоо саясый атаандаштыкта өткөнүн, шайлоого эл солгун катышканын, бул парламенттин таасиринин басаңдашынан кабар берип турганы белгиленди.

    БШКанын серверлери токтоп кайра иштегенден кийин добушун жоготкон партиялардын тарапкерлери бүгүн БШК алдына чыгып өз нааразычылыгын билдиришти.

    БШК бүгүн пресс-конференция өткөзүп, добуштарды автоматтык саноодо келип чыккан мүчүлүштүк тууралуу такталган маалымат берет деп күтүлгөн. Бирок иш-чара бир нече жолу жылдырылып, аягы жыйынтыксыз болду.

    Ушуну менен бүгүнкү түз обо бүттү.

    Эртеңден кайра көрүшкүчө.

  14. ЕККУнун миссиясы: Кыргызстанда мамлекеттик институттарга элдин ишеними азаюуда

    ЕККУ Кыргызстанда шайлоо саясий атаандаштыкта өттү, бирок эл добуш берүүгө солгун катышты деп белгилеп, муну мамлекеттик институттарга элдин ишеними кете баштаганын көрсөтөт деп билдирди.

    “Шайлоо өнөктүгү учурунда негизги эркиндиктер сакталып турду, бийлик таза шайлоо өткөрүүгө саясий эрки бар экенин көрсөтүп жатты, бирок катаң чаралар талапкерлердин үгүт өнөктүгүн этият өткөрүп калышына алып келди”,-деп айтылат ЕККУ миссиясынын отчетунда.

    Ошондой эле аралаш система өтүү, бир мандаттуу округдардагы шайлоо аял талапкерлердин парламенттеги катышына таасир бергенин, бир мандаттуу округдарда талапкерлердин 93% эркектер болгону белгиленди.

  15. “Жалпы иш”: Добуш берүү убагындагы эреже бузуулар жөнүндө 46 маалымат түштү

    Кыргызстанда шайлоого байкоо салган эң ири уюмдардын бири “Жалпы иш” фонду шайлоо күнү аларга ар кандай эреже бузуулар тууралуу 46 кайрылуу келип түшкөнүн билдирди.

    Бул уюмдан шайлоого жалпы 600 байкоочу 300 шайлоо участокторунда көз салган. Аталган фонд шайлоодо эң көп болгон бузуулар катары бюллетендерди санакка алуу жана шайлоо комиссиясынын жыйындарын өткөрүү процедурасын этибарга албоо, добуш берүү купуялуулугун сакталбашын, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү болуп, АСУлардын иштен чыкканын атады.

    Шайлоодогу мындай көрүнүштөргө доомат эң көп Ош облусунан келип түшкөн. Шайлоо күнү чыңалуу Нарын, Кара-Суу, Москва жана Кочкор шайлоо округдарында байкалган.

  16. Шайлоого нааразы жарандар, лидерлер БШКнын алдына чогулду

    Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын лидерлери, алардын жактоочулары бүгүн БШКнын алдына чогулуп, өздөрүнүн талаптарын жарыялашты. Алардын арасында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка активисттери бар.

    "Бул мамлекеттин шылуундугу. Аны актайм деп БШКнын төрайымы туура эмес формула киргизип алыптырбыз деп оозунан чыгып кетти. Демек, акылдуу урналардан келип аткан маалыматты ар кандай формулалар менен өздөрү каалагандай кылып жасап койсо болот экен деген ой кетти",-деди "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Клара Сооронкулова.

    Кайра шайлоону талап кылып жаткан партиялардын ичинде "Ата Мекен", "Азаттык", "Улуттар биримдиги", "Реформа", "Социал-демократтар" бар.

    28-ноябрда добуш берүү бүткөндөн кийин БШКнын сайтында автоматташкан эсептөө урналарынын маалыматтары жаңырып жатканда, бир азга тыныгуу болуп, ошондон кийин партиялардын добуштары таң каларлыктай азайып кетти. Анын ичинде "Ата Мекендики" 71 миңден 41 миңге, "Бүтүн Кыргызстандыкы" 119 миңден 79 миңге түшүп калды.

    БШК муну техникалык мүчүлүштүк, механикалык инцидент деп атады. Коопсуздук кеңешинин катчысы БШКнын сайтына хакердик чабуул болду деп айтты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз кезегинде эч кандай хакердик чабуул болгон эместигин, болгону бир таблицада программалык ката кеткенин айтууда.

    Ал эми шайлоого нааразы болгон партиялар добуштар уурдалды, бул бийлик атайы алдын ала даярданган пландуу операция деп жатышат.

    Президент Садыр Жапаров нааразы партияларды сабырдуулукка чакырып, бардык добуштарды кол менен санап чыгуу керектигин билдирди. Ансыз деле бардык шайлоо участокторунда добуштар кол менен саналып бүткөндөн кийин акыркы жыйынтык чыгарылат. Бул ишке партиялардын байкоочулары, көз каранды эмес байкоочулар катышууга тийиш, башкача айтканда көзөмөл алдында жүрүшү керек.

  17. Добуш берүүнүн жыйынтыктарына анализ

    Шайлоолорго сереп салып келе жаткан активист Атай Бейшенбек добуш берүүнүн жыйынтыктарынан күмөн саноого эмнелер себеп болушу мүмкүн экенин талдайт.

  18. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышты

    БШКнын алдында добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгондор акцияга чыгышты.

  19. Бюллетендерди кол менен эсептөө уланууда

    Партиялык тизме менен шайлоого аттангандар ээ болгон добуштарды кол менен эсептөө уланып жатат. Саат 14:00гө карата жалпы 2 494 участкалык шайлоо комиссиясынын 335инен (13%) кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары келип түшкөн.

    Ушул саатка карата маалыматтар боюнча алдыңкы беш партия төмөнкүлөр:

    • Ата-Журт Кыргызстан - 11 278 (12.90%)
    • Ынтымак - 10 925 (12.49%)
    • Ишеним - 9 673 (11.06%)
    • Альянс - 5 828 (6.66%)
    • Ыйман Нуру - 5 358 (6.13%)
  20. Мелис Мырзакматов: “Бул кол санак жарабайт, мыйзамга каршы келет”

    Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы дагы бурмаланды деп жатышат. “Улуттар Биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов добуштарды кол менен саноо мыйзам талабында жүргөн жок деп билдирди.

    “Кол санак бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн, бардык партиялардын байкоочуларынын катышуусунда ошол жерде ошол учурда жүргөндө гана мыйзамдуу. Булар бардык участкаларга баргандарды эртең кел, бүрсүгүнү кел деп кетирип жиберип атышпайбы. Бул кол санак жарабайт, мыйзамга каршы келет”,-деди Мелис Мырзакматов.

    Мыйзам боюнча добуштарды саноо кызыкдар тараптардын көзөмөлү астында гана жүргүзүлөт деп каралган.

    “Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды саноодо бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлү алдында шайлоо бюллетендерин көрүп таанышууну сунуш кылат. Автоматтык эсептөөчү урналардагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуш берүүнү кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда, талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алар тараптан көрүп туруп көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен шайлоо бюллетендери кайра эсептелет. Мында шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен жүргүзүлөт”,-деп жазылган Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 35-беренесинин 14-пунктунда.