
Кыргызстан парламентаримзди куруп баштаганына аз убакыт гана болду. Бирок бул системанын эффективдүүлүгүнөн күмөн санап, президенттик башкарууга кайтууну каалгандар дагы бар.
Кыргызстанда парламенттик башкарууга ичи чыкпай, президенттик башкарууну көздөгөндөр активдүү аракеттенишүүдө. Ал ортодо бир катар европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Бишкекке келип парламентаризм тажыйрбасы менен бөлүштү.
Кыргызстанда Парламентти таратуу үчүн кыймылы аймактарга аттанууда. Алар азыркы парламентти таратып, президенттик башкарууга кайтуу талаптарын элге жеткирүүнү көздөөдө. Кийинки кадам Бишкекте ири нааразычылык акцияларды өткөрүү болоорун кыймылдын өкүлдөрү айтууда. Алар кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы өзүн актабаганын айтып, жаңы шайлоо жарыялап, кайрадан президенттик башкарууга өтүнүү талап кылып келет.
Ал ортодо бир катар европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Бишкекке келип, парламентаризм тажыйрабы менен бөлүштү. Кабарчыбыз Назгүл Коңурбаева, Британ парламентаризмин эл аралык коомчулукка жайылтуу менен алектенген, мурдагы депутат Эндрью Макинлей жана чех депутаты Виктор Паггиону сөзгө тарткан.
Назгүл Коңурбаева:
-Кыргызстан парламентаримзди куруп баштаганына аз убакыт гана болду. Бирок бул системанын эффективдүүлүгүнөн күмөн санап, президенттик башкарууга кайтууну каалгандар дагы бар. Кыргыз парламентаризми жөнүндө эмне айта аласыз?
Эндрью Макинлей, Британ парламентинин экс-депутаты:
-Кыргызстандагы саясий система алды менен элге байланыштуу. Бул өлкөдөгү азыркы парламентаризм жакшы кабылында жүрүп келе жатканын айтат элем. Бир дагы өлкөдө идеалдуу парламентаризм курулган деп айтууга болбойт. Мисалы, ошол эле АКШнын конституциясы көп жолу өзгөргөн. Ал эми Кыргызстандын азыркы абалына кыргыз эли сыймыктанышы керек. Анткени Кыргызстандагы өзгөрүүлөр бүтүндөй Борбор Азия боюнча бириничи болуп жүрүп жатат.
Назгүл Коңурбаева:
-Ооба Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттери арасында биринчи болуп парламенттик өлкөнү курууда. Ал эми коңшу өлкөлөрдөгү саясий система, кырдаал бул процесске таасир бериши мүмкүнбү?
Виктор Паггио, чех депутаты:
-Албетте таасир берет. Кыргызстандагы өзгөрүүлөр коңшу өлкөлөрдүн көз караштарына дал келбей калышы мүмкүн. Бирок, мен бул жердеги саясий модел ийгиликтүу иштеп жатканын байкай алдым. Мен чех атуулу жана депутаты катары айтсам, биз советтик системадан чыкканбыз жана биз көп трансформацияларга дуушар болдук. Кыргызстандын азыркы абалын биз өз башыбыздан өткөргөнбүз. Бизде дагы парламент аткаруучу бийликти көзөмөлдөп, премьер-министрди дайындайт. Кыргызстан президенттик башкаруу системасы менен жашап, бир эмес эки президенттин жеке басаар бийлигин баштан өткөрдү. Аныдктан, парламентаризмди мындан ары өнүктүрүп кетүүгө аракет кылышы керек деп ойлойм.
Назгүл Коңурбаева:
-Мына ушул парламентаризмди өнүктүрүү жолунда Кыргызстанга кандай тажыйрба керек жана кандай катачылыктарды кетирүүдөн абайлашы керек?
Эндрью Макинлей, Британ парламентинин экс-депутаты:
-Парламентаризмдин калыптануусуна бир топ убакыт керек жана дароо эле ишке ашпай калды деп өзгөртүп салган болбойт. Өзгөрүүлөр болуш үчүн парламент мыйзамдуу шайлоо жолу менен алмашып, кем дегенде эки-үч чакырылыш иштеши керек. Ушул мөөнөт ичинде партиялар алмашат, айрымдары жок болсо, кээ бирлери идеялык көз карашынан жараша биригип ирилешет. Мен жыйырма жылдан кийин Кыргызстанда европа моделиндеги парламенттик башкаруу системасы калыптанат деп ойлойм. Азыркы моделди Бишкектен сырткары, аймактардын тургундарына жеткирүү, жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Мисалы Британияда, британ парламентаризмин элге сиңирүү боюнча атайын программалар иштейт. Бул жагынан Кыргызстанга Европа жана АКШ көмөк көрсөтөт деп ишенем.
Виктор Паггио, чех депутаты:
-Мен кыргыз депуттары менен сүйлөшкөнүмдө, кыргыз конституциясына буга чейин киргизилген өзгөрүүлөрдүн санын угуп алып таң калдым. Талаш-талкуулар болсо, парламент бир палаталуу болуу керекби, же болбосо депутаттардын саны канча болуш керек деген суроолордун тегерегинде экен. Ушу тапта конституцияны кайра-кайра өзгөртө бербей, анын калыптануусуна шарт түзүш керек.




