BBC

BBC navigation

Индия: топтошуп зордуктоо боюнча айыпталгандардын бири асынып өлдү

Соңку жаңыланышы: 11-март, 2013 - 08:37 GMT

Топтошуп студент кызды зордуктаган деп айыпталып жаткан автобустун айдоочусу Нью-Делидеги түрмөдө асынып өлгөнүн, жеригиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, Рам Синг, өз кийиминен асынып, сөөгү айыпталуучулар кармалган камерадан табылган.

Бүтүндөй Индия боюнча нааразчылык толкунун жараткан кылмыш иши өткөн жылдын соңунда борбор калаа Делиде катталган болчу.

Полициянын маалыматы боюнча автобустун ичинде алты жаш жигит студент кызды ур-тепкиге алып, зордукташкан. 23-жашаар кыз бул окуядан бир жума өтпөй ооруканада каза тапкан эле.

Бул окуядан кийин Индияда кыз зордуктагнадарга карата кылмыш жазамын катаалдаштыруу жана полицияны реформалдоо талаптары менен маасалык нааразычылык акциялар өткөн эле. Полиция көп учурда зордуктоо боюнча фактыларды көңүлгө албай, кылмыш ишин ачпай коет деген сынга кабылган эле.

Индия өкмөтү болсо аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо жаатында жарытылуу иш кылбайт деп катуу сындалган болчу.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.

]]>