
Лыжа сүйүүчүлөрдү Ысык-Көлдө жыл бою кабыл алууну пландаган долбоорлор дагы бар экен. Анткени, кыргыз тоолорунда кар жай саратанда дагы ээрибейт.
Кыргызстанда кышкы туризмди жолго кое турган болсо, бул тармак ички дүң өнүмдүн жарымын камсыз кылмак. Бул туурасында 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Кыргызстан-кышкы кышкы туризм өлкөсү деген аталыштагы фестивалды ачып жатып айтты. Бул фестиваль соңку төрт жылдан бери кыргыз тоолорунда майрамдалып келет. Башкы максаты бул тармака туристтер менен инвесторлорду тартуу. Бул жолку кышкы майрам Караколдогу лыжа базада белгиленди.
Орусиядан келген лыжа сүйүүчүлөр мында ондоп саналат. Арасында дүйнөнүн атактуу лыжа базаларында болуп, дасыккан спортчулар менен жөн гана сүйүүчүлөр дагы бар. Павел Кыргызстанда биринчи жолу, бирок акыркы эмес дейт:
Каракол лыжа базасы жөнүндө интернеттен кабар алгам. Өткөн жылы болсо досторум келип эс алып кетишкен эле, алар, барабасаң арманда каласың аябай кызыктырышты. Чынында керемет экен!.

Караколдогу бир эле лыжа база 20 миңдей жумуш орундарын түзгөнү айтылууда. Өкмөт болсо, кышкы турзим жолго коюлса, ички дүң өнүмдүн жарымын жабат деген ишенимде
Лыжа спорту адатта чет элдиктерди гана кызыктырып, көбүн эсе кыргыз тоолоруна жакынкы Казакстан менен Орусиядан туристтер келээри айтылчу. Бирок соңку жылдары жергиликтүү туристтердин дагы саны өсүүдө.
Бирок баарынын эле чамасы чак келе бербейт. Бул кымбатка турган спорт түрү бизде азырынча,- дейт жергиликтүү лыжа сүйүүчүлөрдүн бири Ольга.
Кышкы спорт Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн бери дегенде жарымын жабууга чамасы келет, деп 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ишендирүүдө. Азырынча болсо бул тармактан түшкөн киреше ички дүң өнүмдүн жети гана пайызын түзөт. Салыктар болсо андан дагы аз.
Ал эми өкмөттүн болжолдуу эсеби боюнча Караколдогу жалгыз лыжа база эле аймакта жыйырма миңдей жумушчу орунду түзгөн. Соңку жылдары Караколдо элүү мейманкана салынса, дагы жүздөн кафе-ресторандар иштеп баштаган.
Бул тармак жеке инвестициялардын салымы менен гана өнүгүүдө. Өкмөт болсо болгону мыйзамдык базаларын чыңдап, инвесторлорго жер маселесин чечип бериши керек. Себеби көп жерлер менчикте болуп жатат. Биз инвесторлорго менчиктеги жерлерди сатып алышыңар керек деп жатабыз,- дейт Оторбаев.

Соңку кездери кыргыз тоолоруна чет элдик туристтер гана кызыкчылык артпастан, жергиликтүү лыжа сүйүүчүлөр дагы көбөйүүдө
Ал эми жергиликтүү жана чет элдик инвесторлордун кышкы спортко болгон чоң кызыгуусу бар дейт, Бишкек Ишкерлер Клубунун жетекчиси Назира Бейшеналиева:
Элдин дагы инвесторлорго болгон мамилеси өзгөрүп, баягыдай болуп инвесторлорду суук кабыл албай калганын жергиликтүүлөр өздөрү айтууда. Анткени алар дагы түшүнүүдө, эгер бул тармака инвестиция тартыла турган болсо жергиликтүүлөр өздөрү эле иш менен камсыз болуп, салыктар көбүрөөк түшөт,- дейт Бейшеналиева.
Кыргызстан буга чейин өзүн жайкы туризмдин өлкөсү катары жарыялап келген. Көбүн эсе чет элдик туристтердин көңүлүн Ысык-Көл менен алчу.
Соңку жылдары болсо Кыргызстанда кышкы туризм дагы жанданып келе жатканы байкалат. Ал турсун лыжа сүйүүчүлөрдү жыл бою кабыл алууну пландаган долбоорлор дагы бар экен. Анткени, кыргыз тоолорунда кар жай саратанда дагы ээрибейт.





