You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстандык киберспортчулар жөнүндө уктуңуз беле?
Киберспорт - компьютердик оюндагы жарышуу. Бир спортчудан же командадан турган оюнчулардын таймашы. Аны өзүнчө интеллектуалдык спорт десе да болот. Анда ойноо гана эмес, критикалык ой жүгүртүү, тез реакция кылуу, жоопкерчиликтүү болуу абдан маанилүү.
Бишкектик Жамиля жети жашынан бери компьютердик оюндарды ойнойт. 2016-жылдан тарта профессионалдуу түрдө киберспортко киришкен. Ал коомдогу кыздарга карата айтылган стереотиптер киберспортто да бар экенин айтат:
“Негизи киберспортто кыздар көп эле. Бирок бул компьютердик оюндар болгондуктан, азыркыга чейин бул кыздар үчүн эмес деген стереотип бар. Ошондуктан коомчулук кыздардын киберспортто болушун анча колдобой келет. Ал эми Кыргызстанда профессионалдык деңгээлде киберспорт менен алектенген кыздар дээрлик жок. Мен дагы жаңыдан гана баштаганда ата-энем абдан каршы болгон. Бул үчүн көп урушуп-талашчубуз. Бирок жыйынтыгында мен турнирден утуп, акчалай сыйлык алып келгенде, алар макул дешти”.
Кыргызстанда киберспорт расмий түрдө 2018-жылы спорттун бир түрү катары кабыл алынган. Ошол эле жылы киберспортчулардын федерациясы каттоодон өткөн. Федерация өлкөдө турнирлерди уюштуруп, чет жакка мелдешке кеткен спортчуларга түрдүү колдоо көрсөтүп келет..
“Бул жылы Кытайда өтө турчу Олимпиадалык оюндарда киберспортчулардын медалдары жалпы санакка кошулат. Буга чейин киберспортту өзүнчө дисциплина катары гана карап келишсе, эми аны кадимки спорттун бир түрү катары карашат жана жеңүүчүлөргө олимп оюндарынын медалы ыйгарылат. Ага Кыргызстандын киберспортчулары дагы катышат”,- дейт Кыргызстандагы киберспорт федерациясынын вице-президенти Тимур Атеев.
Киберспортко өтө чоң байгелер сайылат. Спорттун бул түрүндө эркектерге атаандашып ойногон аты чыгып калган кыздар бар. Кыргызстанда мындай кыздар саналуу гана, ошентсе да акырындык менен көбөйүп жатат.
“Киберспорттогу кыздар шылдыңдоого же мазактоого кабылат. Балким бул биздеги менталитеттен дагы болушу мүмкүн. Анткени эл арасында бул кыздар үчүн эмес деген жаңылыш ой бар. Бирок жалпы киберспорт дүйнөсүндө азыр бул көрүнүш жоголо баштады. Кээде атайын кыздардын арасында турнирлер өткөрүлүп турат”,- деди Тимур Атеев.
Киберспорттун ичинде бир нече оюн болот. Мисалы шутер, карталык оюндар жана стратегиялык оюндар. Ар бир оюндун эрежелери ар башка. Адистердин айтымында, компьютердик оюндарды аша чаап, өз убактысы менен ойнобосо, ден-соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. (ErA), (MD)