You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКС жоюлду: Камчыбек Ташиев таасиринен кол жууйбу?
Коррупцияга каршы кызмат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин карамагындагы эң маанилүү кызматтардын бири эле. Бирок президент Садыр Жапаров АКС бүгүн - эртең жоюларын билдирди.
Саясат талдоочу Мусуркул Кабылбеков бул окуяга төмөндөгүдөй талдоосун берди:
"Коррупцияга каршы кызмат УКМКнын колундагы саясатчыларга жана бизнеске басым көрсөтүүнүн эң кубаттуу куралы эле. Камчыбек Ташиевдин колунда мындай куралдын болушу анын абдан таасирдүү фигура экенинин кепилдиги эле. Анын кадыр-баркы президенттикинен ашпаса кем эмес болчу. Азыр эми ал кызматты жоеюбу же кайра башкача түзгөнү жатышабы белгисиз. Бирок бул туура кадам, себеби УКМК негизинде экономика жана саясатка кийлигишпеши керек. УКМК аты айтып тургандай улуттук коопсуздук, чалгын жана контор-чалгындык иштер менен алек болушу керек. Бул жаатта президент Садыр Жапаровдун бул кадамы абдан туура болду деп эсептейм".
АКС же Коррупцияга каршы кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда түптөлүп, коррупцияга байланышту чулгандуу иштерди тергеп келди.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков убагында бул кызматтын өзү коррупцияга малынып, "кол тийбес" кастага айланганын белгилеген. Кызматынан кетер алдында ал былтыр 14-октябрда өз жарлыгы менен бул кызматты жоюп кеткен. Бирок ошол эле айда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров ал жарлыкты жокко чыгарган эле.
Бирок жыл айланбай бул кызмат кайрадан жоюлганы жатат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев АКС былтыр бюджетке 116 млн сом бюджетке кайтарганын ЖК жыйынында айткан. Январь-февраль айларында аталган кызмат 3 млрд сом каражатты кайра бюджетке кайтарганы айтылган. (EK)