You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Үгүт иштеринин биринчи аптасы кандай өттү?
Covid-19 вирусунун жайылуу коркунучу сакталып турганына карабастан Кыргызстан шайлоо өткөрүүнү чечкен 41 өлкөнүн бири.
Учурда Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 партия ат салышууда. Шайлоого катышуу укугун 2 партия сот аркылуу утуп келди.
Парламенттик шайлоого үгүт иштери кызуу жүрүп жаткан чакта, саясий партиялар дагы коронавирустан коргонуу эрежелерин сактабай сынга кабылды. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аргасыздан шайлоого катышып жаткан саясий партияларга кайрылуу жолдоп, Covid-19 вирусунун тарашына жол бербей, этият болууга чакырды.