Шайлоого аралашкан дин ишмерлерине кандай чара көрүлөт?

Шайлоо өнөктүгүнө диний ишмерлердин катышуусу ушул жолу көбүрөөк талкуу жаратты. Борбордук шайлоо комиссиясы баш болуп, диний топтордун өкүлдөрүнүн үгүттөөсү мыйзамсыз деген менен аны жазага тартуу жол-жобосу талаштуу. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө саясат, шайлоо менен диндин байланышын Дүйнө чабыт берүүсүндө талкуулайбыз, аны коомдук ишмер Алмаз Окин менен журналист Азимжан Ибраимов алып барышат.