Тилектеш Ишемкулов: Нурсултан Назарбаев саал аша чаап кетти

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кыргыз президенттигине талапкер Ѳмүрбек Бабановду кабыл алып жолугушканын эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары эсептеп, каршылык нотасын жолдоду.

Жолугушуу маалында Казакстандын президенти Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпей турганын белгилеп, бирок Бабановго Казакстандын да колдоосу бар экенин билдирген. Расмий Бишкек бул сөздү ачык эле колдоо көрсөтүү жана кийлигишүү катары карай турганын билдирүүдө.

Кабарчыбыз Кубат Чекиров Казакстандагы мурдакы кыргыз элчиси, азыр Бишкек Гуманитардык университетинин профессору Тилектеш Ишемкуловду маекке тартып, Назарбаевдин Бабановду кабыл алып койгонунан Кыргызстандын ички ишине кандай кийлигишүүчүлүктү көрүп турасыз деп суроо жолдогон.

Т. Ишемкулов: Бул маселе көптөн бери эле келатат чубалып. Анткени, мындан эки жума мурда биздеги гезиттердин бир тобу азыркы учурда Путин менен Нуракенин көңүлү Бабановго ооп турат деп жазып чыгышкан. Бул дагы, албетте, үгүт-насыяттын бир түрү болуп эсептелет. Элдер көнүл бурсун деген маселе да. Эми ошону Назарбаевдин өзү ырастап, кабыл алып, аталык (кайын агасы да) жана боордоштук да мамилесин көргөзүп, ийгилик каалап койгону кичине аша чапкан иш болуп калды. Паровоздун алдына чуркап алды го деп ойлойм.

Анткени эл аралык тартип боюнча жана жалпы эле этикет боюнча, дипломатиялык мамилелер боюнча ал киши мындай деп айтпашы керек эле. Болбосо, баарыңарга эле ийгилик каалайбыз, кыргыздын азаматтары ат салышып жатат, кимисин эл колдоп, көнүлүн оодарса, ошол жеңип чыгат, кимиси президент болуп шайланбасын, аны менен ар учурда биргелешип иштөөгө даярбыз деп койсо болмок да. Эми бул, албетте, дүйнөлүк коомчулукта да, кыргыз коомчулугунда да шайлоого киришүү катары кабыл алынат. Казак коомчулугу да Нуракем кичине аша чаап кетти, бир-эки кадамды алдыга шашып таштап койду го деп кабыл алышы да мүмкүн деп ойлойм.

Буга бирден-бир тангыс мисал, АКШ анын өзүндө болгон шайлоого Россия кийлигишкен, Путин буларга өзү жетекчилик жасап, хакерлер сайттарын бузуп кирген деп Россияга санкция үстүнө санкция салып, айласын кетирип атпайбы. Ошол сыяктуу болуп жатат да.

Эми Нурсултан Назарбаев акылдуу, кеменгер киши, жаздым басып алыптырмын, ак чөп башта деп койсо эле маселе күн тартибинен алынып коюлат.

Дагы бир мисал, биздин Атамбаев бизде экинчи революция болуп кыйын учур болуп жатканда чек араларды жаап салып, айрым адамдар өлүмгө учурап зыян тартты деп айтпады беле. Ошондо алар катуу жооп бербедиби. Революциялык маанай өтүп кетпесин деп чек араларды жапканбыз, кимиси каза болуп жатканына биз кандайча жооптуубуз деп жакка чапкандай жооп берген.

Биздин койгон суроолорго булардын тиешелүү жообу болот деп ойлойм.

Би-Би-Си: Мурда-кийин расмий Бишкектин айткан сын билдирүүлөрүнө Назарбаев негизинен көтөрүмдүүлүк жана сабырдуулук менен жооп берип келатат. Бул жолу да ошондой жооп болот деп ойлойсузбу?

Т. Ишемкулов: Туура. Сөзсүз түрдө жооп кайтарат. Болбосо, ар бир мамлекеттин жетекчилери башка өлкөнүн шайлоосуна киришкендей болгон мисалдар да көп. Меркель, Макрон жана Еврошаркеттин башка жетекчилери АКШда Хиллари Клинтон шайланса жакшы болот эле, биз аны колдойбуз деп ачыктан ачык эле айта коюшуп, Трамп аларга эмгиче таарынып жүрбөйбү.

Мамлекеттер ортосунда каалоо-тилектерди айтып коюу боло берет. Бирок каалоонун да каалоосу бар. Эгерде Назарбаев биздин талапкерди кабыл алып, колун кысып, чай бербей эле оозеки түрдө деле айтып койсо болмок. Бирок кабыл алып, ак батасын бергени аша чапкандык болуп кетип жатпайбы. Алар кеңири түшүндүргөн жообун берет. Бирок кыргыз-казак достук мамилелерине чымын чаккандай да зыяны болбойт деп ойлойм.